Жылдыздар согушу: Күчтөрдүн ойгонушу

"Жылдыздар согушу: Күчтөрдүн ойгонушу" (англ. Star Wars: Episode VII - The Force Awakens, орус. Звёздные войны: Пробуждение силы) (о.э. "Жылдыздар согушу VII- Күчтүн ойгонушу" деген аталышта белгилүү) - 2015-жылы Ж.Ж.Абрамс тартып, биргелешип өндүргөн жана сценарийин жазган америкалык мейкиндик тууралуу бир нече бөлүмдүү тасма. "Күчтөрдүн ойгонушу" 1983-жылкы "Жединин кайтып келиши" аттуу тасманын уландысы жана "Жылдыздар согушу" үчилтигинин биринчи чыгарылышы. Тасмада Харрисон Форд, Марк Хэмил, Кэрри Фишер, Адам Драйвер, Дейзи Ридли, Жон Бойга, Оскар Исаак, Лупита Нёңго, Энди Серкис, Домнелл Глисон, Энтони Дэниелс, Питер Майев жана Макс фон Сидов тартылышкан. Тасма "Жединин кайтып келиши"нен 30 жылдан кийин тартылып, Рей, Финн жана По Демерондун Лүк Скайволкерди издөөсүн жана жолдо Ребел Элайенс жетектеген Каршылык менен Кайло Ренин жана Галактикалык Империянын мураскери Алгачкы Орден менен согушуусун баяндайт.

Тасма 2015-жылы, 14-декабрда Лос-Анжелес шаарында көрсөтүлгөн. Тасма киреше жагынан көптөгөн рекорддордон ашып, "Жылдыздар согушу" чыгарылыштарынын эң көп кирешелүү бөлүмү деп табылып, Түндүк Америкадагы эң жогорку кирешелүү тасма жана дүйнө жүзү боюнча эң көп кирешелүү тасмалардын арасында үчүнчү орунду ээлеп, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиард АКШ доллар тапкан, ал эми таза киреше 780 миллион АКШ долларын түзгөн. Тасма "Оскар" сыйлыгынын беш наамына жана "Британия Киносыйлыктары" аземинде төрт сыйлыкка көрсөтүлүп, "Эң мыкты визуалдык эффект" наамын жеңип алган. Тасманын кийинки эки чыгарылышы "Жылдыздар согушу: Акыркы Жеди" жана "Жылдыздар согушу:IX эпизод" 2017-2019-жылдары чыгат.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү