Жылкы текей (лат. Tragopogon, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки же көп жылдык чөп. Тамыры тик ылдый өсөт. Жалбырагы тасмадай же ичке, сүйрү, жээктери тегиз же чала оюктуу. Гүлү сары, кызгылт же күлгүн кызыл. Евразияда жана Түндүк. Африкада 100-150 түрү өсөт. Жер Ортолук деңизде өсүүчү Жылкы текей. жашылча катары желет. Кыргызстанда 13 түрү, бөксө тоолордо, шалбаада, боздоңдо кездешет. Баалуу тоют, балдуу өсүмдүк. Анын айрым түрү тамак-ашка пайдаланылат.

Tragopogon dubius.

Колдонулган адабияттар түзөтүү