Жылкы тукумдары — табигый жана жасалма тандоонун негизинде жылкынын тукуму жакшыртылган түрү. Азыркы кезде дүйнөдө жылкынын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50гө жакын) тукуму белгилүү. Жылкы тукумдарынын жалпы кабыл алынган бирдиктүү классификациясы жок, жалпысынан үч топко бөлүнөт.

Жылкы тукумдары.

1) атайын түзүлгөн шартта, жогорку деңгээлдеги селекциялык иштердин негизинде чыгарылып, өтө иштемчилдиги менен айырмаланган зоот. Алар иштемчилдигине жараша төрт типке бөлүнөт: оор жүкчүл жылкылар, минги, минги жүк артылуучулар, арабага чегилүүчүлөр (орус, владимир, советтик оор жүкчүл жылкылар, арденна, першерон, суффолк, шайыр, бельгия оор жүкчүл жылкылары жана башка); чегилме жылкылар (америка, орус, орлов таскакчылары; тори, финн жана башка); минги-чегилме жылкылар (венгр, морган жылкылары); минги жылкылар (таза кандуу минги жылкы, будённый, тракен, терек жылкылары);

2) табигый экологиялык чөйрөгө жакындаштырылган шартта чыгарылып, иштемчилдиги менен айырмаланган зоот жылкы тукумдары. Иштемчилдиги боюнча белгилүү өлчөмдө бирдей (минги, минги-чегилме), бирок биологиялык сапаттары боюнча айырмалангандыктан, зоналык топторго бөлүнөт: талаа жылкылары (дон, костонай жылкылары жана башка), тоолук жылкылар (Кавказ, орто Азиядагы Жылкы тукумдары.), түштүк чөл жана оазис жылкылары (ахалтеке жылкысы, араб, кабарда, йомуд жылкылары).

3) Табигый экологиялык чөйрөгө жакындаштырылган шартта табигый жана жасалма тандоонун негизинде калыптанган жергиликтүү жылкы тукумдары. Булар жергиликтүү шартка жакшы көнүккөн күч унаа жана күч унаа-эт-сүт багытындагы тукумдар. Алар жер (зона) шартына жараша бөлүнөт: түндүк токойлуу жер жылкылары (вятка, печора, мезень, якут жылкылары); талаа жылкылары (моңгол, забайкалье, казак жылкылары); тоолук жылкылар (локай, кыргыз, алтай, тува, азербайжан жылкылары) жана башка.

Булактар түзөтүү