Жылтыркан (лат. Kochia) өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумундагы уруусу. Бир жылдык чөп жана бадалча. Бийиктиги 0,1-2 м, сабагы боз түктүү. Тамыры жоон, өзөк тамыры жыгачтанган, бозомук күрөң кабык менен капталган. Мөмөлүү сабактары көп жалбырактуу. Жалбырагы тасмадай. Гүлү майда. Топ гүлү машак же чачы сымал. Жалбырак колтугуна чогулган. Жылтыркандын Австралия, Европа, Азия жана Африкада 90го жакын түрү таралган. Кыргызстанда 4 түрү, боздоңдо, шор топурактуу жерлерде өсөт. Алардан көп таралганы төшөлмө жылтыркан. Ал отун жана малга тоют катары пайдаланылат.

Kochia scoparia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Жылтыр гүл