Жылуулук менен дарылоо — жылуулук таасир берүүчү түрдүү физиологиялык каражаттарды дарылоо максатында колдонуу. Жылуулук менен дарылоого баткак менен дарылоо, парафин, озокерит менен дарылоо, ысык жана жылуу ванналар, душ, компресс, жарык менен дарылоо, электр менен дарылоо жана башка кирет. Мында жылуулуктун күчүнө, узактыгына, жылуулукту койгон жердин көлөмүнө жараша ооруган жерде жана жалпы реакциялар пайда болот. Жылуулук түздөн түз таасир эткенде кан жана лимфа айлануу жакшырат; ооруну басаңдатып, сезгенүүгө каршы таасир этет жана ткандарды калыбына келтирүүчү процесстер күчөйт. Ысык-Көлдүн жээгиндеги жана деңизге жакын жайгашкан курорттордо күнгө ысыган кум ваннасы пайдаланылат. Парафин жана озокерит жылуулукту жакшы сактагандыктан физиотерапияда кеңири колдонулат. Аларды эритилген масса түрүндө белгилүү температурада дененин оорулуу жерине жабыштырып, төшөк жаап коёт. Процедурадан кийин ал жерди вазелин, атыр менен сүрүү сунуш кылынат. Жылуулук менен дарылоо врачтын сунушу боюнча четки нерв системасынын, ички органдардын, буту-колдун, тери ооруларында жана башка колдонулат. Процедуранын алдында жана андан кийин 10—15 мин. эс алуу зарыл. Үйдө 53—60°ка чейин ысытылган кумду, тузду баштыкка салып, ооруган жерге басса болот. Үйдө Жылуулук менен дарылоону врачтын сунушу боюнча гана жүргүзүү керек.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8