Жыргалаң - орто кылымга таандык шаар калдыгы. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка кыштагынын батышындагы Жыргалаң булуңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийиктиги 1,5-2,5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң менен курчалган. Ичинде көптөгөн курулуш калдыктары калган. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеп, 1-15-кылымга таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылдагы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Жыргалаң 8кылымда пайда болуп, 13-кылымдын башында моңгол чабуулунан кыйрагандыгын айкындаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү