Жыргалаң булуңуЫсык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө. Каракол шаарынан 7 км аралыкта. Узундугу. 18 км, туурасы 1,5-2,5 км, жээк сызыгынын узундугу 42 км. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 м. Булуң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоценде көлдүн суусу көтөрүлүп, өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 25 км аралыкка (120 м тереңдикке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15-37 мге көтөрүлүп жатат. Жыргалаң суусу булуңга куярда салааланып, дельтаны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаңдын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 м аралыктагы туздуулугу 3,5 г/л, оозунда 5,9 г/л. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), саякатчы Н. М. Пржевалъскийдин мүрзөсү, эстелиги жана мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу X. Карасаев да ошол жерге коюлган. Булуңдан балык кармалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү