Жыттуу бездер - экзокриндик бездерге кирет. Ж. б-дин жыты күчтүү заттарды бөлүп чыгарат, алар коргоо жана башка көптөгөн функцияларды аткарат (аймактарын белгилөө, особдордун башкаларын табуу, чогулуу, коркунуч сигналдарды (белгилерди) берүү). Омурткасыздардын арасынан Ж. б. көпчүлүк муунак курттарга, өзгөчө курт-кумурскаларга (кене, коңуздар, көпөлөктөр, жаргак канаттуулар, тор канаттуулар жана башка) таанду. Ошондой эле Ж. б. көпчүлүк омурткалууларга да мүнөздүү. Балыктардын терисинде, крокодилдердин астыңкы жаагынын алдында жана клоакасында, сүт эмүүчүлөрдүн - денесинде, туяктарында, куйругунда жана аналдык жактарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү