Жыт сездиргич баштык - омурткалуулардын жыт сездиргич жуптуу органы. Кээ бир балыктардын ар бир таноосу тери тосмо менен 2 тешике бөлүнөт - бирөөсүнөн суу Ж. с. б кирип, ал эми экинчисинен сыртка чыгат. Ж. с. б. бетиндеги бырыштар (бүктөмөлөр) анын сездиргич эпителиясынын аянтын чоңойтот. Кош дем алуучу жана манжа канаттуу балыктардын Ж. с. б. көңдөйү менен сыртка ачылат, ал эми ички таноо же хоана ооз көңдөйү менен биригет. Кургактагы омурткалууларга Ж.с.б. өз алдынча бөлүккө же Якобсон органына ажыроосу мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү