Жээк жип (Ыскыт милте) — шырдак оюмдарын беттөөчү жип. Мунун бирөө оңго, бирөө солго чыйратылат. Ал мындай караганда таңдайча болуп түшөт. Жээк жүндөн ийрилип, ар кандай жасалат. Айрым чеберлер муну сары-көк боекко сугара боеп да алышат. Жалаң кат кара кийизге жээк басууда да бөтөнчөлүк бар. Анда жип ошондой оңду-солду ийрилип, аны үч кабаттап, чыйрак чыйратып, өзүнчө жип кылып алат, ошондой эле чыйратылган үч кабат жипти жанаша кылып, аны чууда жип аркылуу кийизге басат. Шырдактык жээк үчүн «ыскытты» эки өңдө чыйратып, көркөм оюмга «ала мончок» кылып басуулар бар.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)