Равшан Жээнбеков

Жээнбеков, Равшан‎»‎ барагынан багытталды)

Жээнбеков Равшан Бабырбекович - 1970-жылдын 19-сентябрында Талас областынын Манас районундагы Арал айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1992-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
РФ Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында(1996-ж.) жана АКШнын Массачусетск Технологиялык Университетинде (2008-ж.) билим алган. Үй-бүлөөлүү, 1 уул, үч кыздын атасы.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атташе кызматынан баштаган. 1996-1997-жж. Жогорку кеңештин аппаратында консультант жана бөлүм башчы.
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин жардамчысы катары Өкмөтүнүн аппаратында иштеген.
1998-1999жж. Кыргыз Республикасынын чет элдик инвестициялар боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
1999-2000жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп иштеген.
2000-2001жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары.
2001-2005жж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Төрагасы.
2006-2007жж. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси.
2008-ж. Түндүк Америка Университетинин (АКШ) Евразия өлкөлөрү боюнча департаментинин директору болуп иштеген.
2010-ж. «Ата Мекен» саясый партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2 класстагы мамлекеттик кеңешчи.
Саясый илимдердин доктору.

Шилтеме түзөтүү