Талас"Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосундагы эпикалык борбор, Манас баатырдын ордосу, кыргыздардын Ата Мекени катары берилет.

"Манас" эпосунда кандайдыр кыйын абалда болсун, элдин үмүт-тилеги, ой-пикири эргүү менен даңазаланган өзгөчө ажайып кооз жер кыргыздардын өлкөсү — Т-ты сөзсүз түрдө киндик каны тамган жер деп айтылат.

Ошондуктан, Алтайда туулган Манас элин баштап Т-ка келет, атасы Манас, жери Т. экенин билери менен Семетей Букардан кайтат, ошондой эле Кыястын колунда өскөн Сейтек Т. жөнүндө укканда "Кетем Талас жериме, Баргым келет бадырек Калың кыргыз элиме" (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 956инв.) деген бүтүмгө келет. "Манас" эпосунда кыргыз урууларын баш коштуруп, бириктирүү, тышкы душмандарга каршы туруу идеясы, мекенди урматтап даңазалоо акырындан өнүгүп олтуруп, географиялык ат, конкреттүү географиялык территория — Т. калыптанат.

Т-тын табиятынын кооздугу, жаратылышынын сулуулугу Алтайга куулуп-сүрүлгөн кыргыз эли Манастын жетекчилиги менен өз мекенине кайтып келгенде мындайча сүрөттөлөт:

«

Жылгындуу Кең-Кол, Кең-Талас,
Жаткан экен жайкалып,
Жердеген адам тунбайбы,
Жер соорусу турбайбы.
Өлкө түзүн караса
Токою бар, талы бар,
Ал токойдун ичинде
Жан бүткөндүн баары бар...
Жылгындуу Кең-Кол, Кең-Талас
Жери сонун ар кандай,
Өзөнчөдөн бөлүнүп
Аккан тунук булагы,
Ай жаныбар Кең-Талас

»

Бейиштен артык сыягы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 465—467-б.). Т. байыртадан кыргыздар отурукташкан, эң кооз жер, ал душмандар тарабынан бир нече жолу чабуулга дуушар болуп келген.

Орус окумуштуусу П. Н. Берков өз убагында Т. жеринин сулуулугун эпос кандай көркөмдөп сүрөттөгөнү жөнүндө минтип жазат: "Манаста" бир тууган өлкөнү сүрөттөп берүү, кыргыздын мекенин даңазалоо дүйнөдөгү эң улуу адабияттардын үлгүсү менен катар турууга татыктуу".

Эпостогу Т. дүйнөнү таанып-кабылдоодогу эстетикалык эң кооз өлкө катары сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Т.— Кыргызстандын түндүк-батышындагы дарыя, чоң өрөөн, шаар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү