Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө, жол.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жетекчи шайланат, калгандары бир катар болуп турушкандан кийин, оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Жетекчинин буйругу боюнча, оюнчулар жүгүрүшүп, белгиленген аралыктан төз өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага көп жолу биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Дөңгө жүгүрүп чыгуу, дөңдөн жүгүрүп түшүү, кум үстүндө жүгүрүү, карда жүгүрүү, сууда жүгүрүү, суунун агымына каршы жүгүрүү, айдалган жерде жүгүрүү, чөптө жүгүрүү, чаң жолдо жүгүрүү, өңгүл-дөңгүл жерлерде жүгүрүү, тегеренип жүгүрүү ж. б.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда жүгүрүүнү баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү