Жүзүмчү шиш тумшук - шиш тумшуктуулар тукумундагы коңуздун бир түрү, жүзүм зыянкечи.

Жүзүмзарды көбүнчө түрк жана крым Жүзүмчү шиш тумшугу зыянга учуратат. Түрк Жүзүмчү шиш тумшугунун (Otiorrhynchusturca) денесинин уз. 8-11 мм, өңу кара, буту бозомук. Курту ак, уз. 14 мм че болот.

Кыргызстанда кездешет. Айрыкча жүзүм, алмурут, алма, өрүк, гилас, эмен ж. б. өсүмдүктөргө зыян келтирет. Коңуз бүчүрдү кемирип, жалбырагын жейт. Курту чиринди менен азыктанып, шиңгилдин сабагын кыят. Натыйжада түшүм 20%ке чейин азаят, Крым Жүзүмчү шиш тумшугу (0. asphaltinus) негизинен Крымда жолугат. Ал түрк Жүзүмчү шиш тумшугуна окшош. Күрөшүү чаралары: өсүмдүктөргө инсектицид чачуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.