Жүрөк шыбыры
"Жүрөк шыбыры" (жапон тилинде: 耳をすませば: Mimi o sumaseba: сөзсө-сөз котормосу: "Эгер кунт коюп укканда", англ. Whisper of the Heart, орус. Шёпот сердца) - 1995-жылы Йошифуми Кондо тарткан жапон романтикалык анимация. Хаяо Миязаки Аой Хиирагинин ушул эле аталыштагы мангасынан алып сценарий жазган. Роль аткаргандар: Йоко Хонна, Иссей Такахаси, Такаси Татибана, Шигеру Мурои, Сигеру Цуюгути жана Кэйдзү Кобаяси. Бул Миязаки же Исао Такахата режиссерлук кылбаган "Гибли" студиясынын алгачкы театралдык тасмасы болуп эсептелет.
Жүрөк шыбыры | |
---|---|
Режиссеру | Йошифуми Кондо |
Продюсер | Тосио Судзуки |
Сценарийи | Хаяо Миядзаки |
Оператору | Ацуси Окуи |
Негизинде |
Жүрөк шыбыры автору: Аой Хиираги |
Тартылгандар |
Йоко Хонна Иссей Такахаси Такаси Татибана Шигеру Мурои Сигеру Цуюгути Кэйдзү Кобаяси |
Музыкасы | Үдзи Номи |
Редактору | Такеши Сеяма |
Студия | Studio Ghibli |
Жайылтуучу | Toho |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 111 мүн. |
Өлкөсү | Жапония |
Тили | Жапон |
"Жүрөк шыбыры" режиссер Кондонун 1998-жылы көз жумганга чейинки жалгыз тасмасы болуп калды. "Гибли" студиясы Кондо Миязаки жана Такахатанын жолун уланткан мураскери болмок деп үмүттөнгөн эле.
Бул тасма жети жыл бою 2002-жылы "Мышыктын кайтып келиши" тасмасы тартылганга чейин "Гибли" студиясынын Миязаки же Такахата режиссерлук кылбаган жалгыз тасмасы болуп келген.