Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда тыйын колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Аянтчанын ортосуна тыйын же башка бир буюм коюлат. Катышуучулар тыйындан 1 же 2 м. аралыкта экиден болуп турушат. Оюнчулардын бирөөсү «аттын», экинчилери «атчандардын» ролун аткарышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким өз кезеги келгенде «атчандар» «аттарына» минип, чаап буратканда эңкейип жердеги тыйынды эңип алууга аракеттенет. Эгерде жерден тыйын эңилсе, аны кайра ордура коюп оюнду баштай берсе болот. Андан кийин калгандары ролдору менен алмашышып, оюнду каалаган убакытка чейин улантышат, Жерден тыйынды көп жолу эңип алгаиы, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Жүгүрүп баратып жерден тыйын эңип алмай, жөө жүрүп эңмей.

Оюндун эрежеси түзөтүү

«Аттарга» тездигин акырындатууга, токтоп калууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт,

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер 1гүз, тегиз болушу керек.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч, ийилчээктикке тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого, оордуктарды көтөрүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү