Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер, аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар экиден болушуп, катарга турушуп оюндун шарты, кезеги, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюнчулардын теңи «аттар» теңи «атчандар» болуп эсептелинет.

Оюндун баяны түзөтүү

«Атчандар» аттарына минишип бир бирин белгиленген аралыкта кубалашып жетүүгө аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар ролдору менен алмашышып оюнду улантышышат. Атаандаштарына жеткирбеген оюнчулар жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирин түртүп, тартып жыгылтууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү