Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар экиден болуп, алардын бирөөлөрү «аттардын» экинчилери «атчандардын» ролдорун аткарышат.

Оюндун баяны түзөтүү

«Атчандар» «аттарына» минип, бири бирин түртүшүп, тартышып тең салмактарынан чыгарышып «атчандарды», «аттарынан» оодарып түшүрүүгө аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар ролдору менен алмашышып оюнду, каалаган убакытка чейин улантылышат. Көп жолу атаандаштарын тең салмактарынан чыгарышып оодарып жыгылышкан оюнчулар жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бири биринин кийимдеринен, кулак мурундарынан, чачтарынан кармоого, урууга, тебүүгө, «аттардын» жолун тосууга, муунттурууга жол берилбейт.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч, чыдамкайлык, шамдагайлыкка . тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү