Заара жыйнагычрезина, полиэтилен же нейлондон жасалган 2 жагы ачык баштыкча.

Заара жыйнагыч: 1— эркектики; 2— аялдыкы.

Аны дайыма же түнкүсүн заара токтобой калганда киет. Жогорку тешигинен заара келип түшөт, төмөнкү тешигинен атайын крандын жардамы менен заара сыртка чыгарылат. Жогору жагына аял жана эркектин жыныс органдарынын анатомиялык өзгөчөлүгүнө ылайык даярдалган заара тоскуч бекитилет. Заара жыйнагычты денеге атайын курдун жардамы менен тагынып жүрөт.

Аны күндө жылуу суу менен самындап жууп туруу зарыл. Эгерде заарада ириң болсо дезинфекциялоочу эритме (хлорамин, фурацилин) менен чайкоо керек. Ошондой эле жыныс органдарын да таза кармап, самындап жууп туруу зарыл.






  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8