Зайнидинов Мансур (1917, Суусамыр өрөөнү - 2002, ВоенноАнтоновка кыштагы) - согуштун жана эмгектин ардагери.

Эмгек жолун жылкычы болуп баштаган. 1943-45-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Улуу Ата-Мекендик согушта Украинада жана Германияда миномётчик болгон.

Согуштан келгенден кийин Ленин (азыркы «Рассвет») колхозунда жылкы ферма башчысы болуп көп жылдар эмгектенген. Ленин (1966), Улуу Ата-Мекендик согуштун II даражадагы (1985) ордендери, Улуу Ата-Мекендик согуштун 20 жылдыгы (1965), СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл (1967), «Улуу Ата-Мекендик согушта каармандыгы жана эрдиги үчүн», согуштун 30 жылдыгы (1975), 50 жылдыгы (1995, СССРдин куралдуу күчтөрүнө 70 жыл (1988) юбилейлик медалдары менен сыйланган.

1996-ж. Россия Федерациясынын президентинин указы менен «Т. Жукеев» атындагы медалын, 1975-ж. «Эмгек ардагери» медалын алган. 1967-72-жылдары Военно-Антоновка айылдык жана Сокулук райондук кеңештерге депутат болуп шайланган. Чал Уруусунан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9