ЗанбиартКыргыз Ала-Тоосундагы орто кылымдарда жибек жолунун бир айрыгы өткөн ж-а Чүй өрөөнү менен Борбордук Теңиртоону байланыштырып турган ашуу.

Занбиарт ж-дөгү алгачкы маалымат 11-к-дагы түрк аалымы Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» («Диван лугат ат-түрк») аттуу эмгегинде эскерилип, анда Занбиарт Кочкор-Башы менен Баласагундун ортосундагы ашуунун аталышы деп берилген. В. В. Бартольд Занбиартты азыркы Шамшынын бели менен окшоштурган. Ашууга жакын аймактарда 11–12-к-га таандык 3 шаар чалдыбары табылып, изилденген. Бурана мунарасы Занбиарт ашуусунун чыга беришинин оозунда жайгашкан. Ашуунун күнгөй бетинен агып чыккан, Шамшы суусунун нугун бойлой кеткен жалгыз аяк жол чоң жолго кошулуп, Кочңар- Башыга (азыркы Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаар) жеткен. Тыным алган кербендер Кочңар- Башыдан чыгып, Атбашы (Кошойкоргон шаар чалдыбары) шаарына жана Кашкарга кетишкен. Ушул эле ашуу аркылуу Барсканга чыгуунун кыска жолу жана андан ары чыгыш Түркстандын шаарларына жетүүгө мүмкүн болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.