За́нде (асанде, санде, базенда, ньямньям; өз аты — аза́нде) — Борбодук Африкадагы эл.
Занде эли негизинен Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-чыгышында (Чыгыш провинциясында Уэле дарыясынын боюнда), Түштүк Судандын түштүк- батышында (Батыш Экватория штадында) жана Борбордук Африка Республикасынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө (Рафаи жана Обо аймактарында) жашайт.
Ар кандай маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллиондон 4 миллионго чейин жетет.


Занде жоокери найза жана кпинга бычагы менен. Сүрөтчү Антонио Дзено Шиндлер (1893).


Тил

Занде тилинде сүйлөшөт. Калктын бир бөлүгү француз тилин билет.

Дин

Жергиликтүү анимисттик ишенимдер сакталып калган. Акыркы убакта бир топ адам христиан динине өтүп кетти.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби - кол менен иштетилген жер чарба. Жүгөрү, күрүч, жержаңгак, кунжут, батат, маниок жана таттуу картошка, сорго өстүрүшөт. Түшүм жыйноо үчүн чети курч шакек менен колдонушат. Пальма жана кунжут майын чыгарат.
Цеце чымындын таралышынан мал чарбасы начар өнүккөн. Кээ бирлери мергенчилик жана жыйноочулук менен алектенишет.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн устачылык (темир жана жыгач боюнча), пил сөөгүн иштетүү, токуу, карапалык (анын ичинде антропоморфтук идиш), терракоталык ритуалдык фигураларды жасоо өнүккөн.

Тарых

18-19 кылымдарда жогорку лидер (Авун­га­ра тукумунан) башында турган занде урууларынын бирикмеси болгон. Занде бирикмеси араб кул соодагерлерине каршы күрөшкөн.
19-кылымдын аягында орус саякатчысы В.В.Юнкер занде элин изилдөө менен алектенип, анын жыйынтыгын Германияда жарыялаган.

Булактар түзөтүү