Зарифьян Анэс Гургенович

Зарифьян Анэс Гургенович - акын.

Зарифьян Анэс Гургенович 1946-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.
1970-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ошол эле жылы институтта кафедранын ассистенти катары эмгек жолун баштаган. Кийин «Нормалдуу физиология» адистиги боюнча аспиранту-рада окуп, кандидаттыгын 1974-жылы жактаган.
1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтунда илимий иштер боюнча проректор-лук кызматка дайындалган.
Ал жерде доценттик (1980), профессордук (1988) наам алгандан кийин
1993-жылы Кыргызстандагы эл аралык университетке проректорлук жумушка которулган.
1994-жылдан «Фундаменталдык медициналык-биологиялык сабактары» кафедрасынын башчысы, деканы болуп Кыргыз Россия Славян университетинде иштеген.

Жаштайынан ыр жазып, 1979-жылдан баштап обондуу ырларга аралашат. Биринчи ырлар жыйнагы 1983-жылы жарык көргөн. А.Зарифьян көптөгөн фестивалдардын жана автордук аткаруучулардын слетунун жеңүүчүсү.
1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон.
2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин Билим берүү отличниги (1985).
Республиканын саламаттыкты сактоо отличниги (1996).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Вопреки небытию: Стихотворения. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 52 с.

Притяжение: Стихотворения. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 79 с.

Нет дороге конца: Песни. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

Неотболевшее: Стихотворения. – Ф.: Адабият, 1990. – 104 с.

Перестройкиада. – Б.: Книголюб, 1991. – 256 с.

Поэтические посвящения юбилярам здравоохранения. – Б.: ОсОО Казак, 1999.

Летопись Анэса из Бишкека, сложенная на исходе века вольным поэтическим пером – о великом грустном и смешном. Книга 1-я. – Б.: Бийиктик, 2001. – 776 с.

Стихотворения. – Б.: ОсОО Бишкектранзит, 2002.

По жизненным мотивам. – Б.: ОсОО Бишкектранзит, 2004.

Летопись....Книга 2-я. – Б., 2005.

Пока душа не отлетела. – Б.:ОсОО Алтын-Тамга, 2006.

Нет дороге конца. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

ДИСКОГРАФИЯ

Дискография: «Алая, белая, черная...» Авторская пластинка. – С 90 29143008. «Мелодия», 1990.

«Хоть нет на мне креста». Авторская пластинка. – R 6000999. МТПП «Русский диск», 1992.