Заттардын биологиялык жана химиялык айлануусу

Заттардын биологиялык жана химиялык айлануусу- заттардын биогеохимиялык айланышы. Жандуу заттардын денесин түзгөн биогендик химиялык элементтер сырткы чөйрөдөн организмге келип, организмден кайра сырткы чөйрөгө чыгып, тынымсыз айланып турат. Бул химиялык элементтердин организм менен чөйрөнүн ортосундагы айлануусу белгилүү деңгээлде туюк болгондуктан, элементтердин биогеохимиялык айлануулары деп аталат. Бул айлануулар 2 типке бөлүнөт: 1) Газ сымал заттардын айланышы. Бул заттардын булагы - атмосфера жана гидросфера. 2) Чөкмө заттардын айланышы. Бул заттардын булагы - жер кыртышы саналат. Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин бардыгы (өлчөмүнө карабастан) биогеохимиялык айланууларга катышат. Алардын ичинен тирүү организмдердин денесин түзүүгө 30-40 химиялык элемент катышат, эң көп колдонулуучу элементтер - С, О2, ,Н2, N2. Биосферадагы заттардын биогеохимиялык айлануусунун жүрүү темпи жана теңсалмактуулугу адамдын жүргүзгөн илимий техникалык прогресс күчөгөн сайын кескин өзгөрүп, бузулууда.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4