Зебу (лат. Bos indicus, Bos africanus жана Zebu) — өркөчтүү бодо. Түпкү теги боюнча уйга жакын; Индия, Африка, Америкада, Чыгышта, Балкан жаңы аймагындагы жана КМШ (Азербайжанда, Борбор Азияда) өлкөлөрүндө негизинен унаа катары жана эт алуу максатында асыралат. Өркөчү бийик, салмагы 5-8 кг. Башы кичине, моюну кыска, жоон. Өңү карала, сарала, күрөң жана башка зебунун инегинин салмагы 250-270 кг (айрымдары 450-550 кг), букасыныкы 300-350 кг (кээ бири 1000 кг). Эти уйдун этинен эч айырмаланбайт. Жылына 900-1300 кг сүт саалат.

Зебу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү