Змиенко, Анатолий Гаврилович

Змиенко, Анатолий Гаврилович (1923., Кировоград облусу, Новомиргород р-ну, Розлив кыштагы – 1989, Бишкек ш.) – тоо инженери, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кривороu тоо-кен ин-тун бүтүргөн (1950). Атамекендик согуштун катышуучусу (1942– 45). Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын геол. партияларында тоо иштеринин прорабы, башкы инженери (1950–55), СССР Геология министрлигинин башкы геол. башкармалыгынын партияларында (Акмоло, Көкчөтоо облусу, Казак ССРи) башкы инженер (1955–58), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясынын башкы инженери (1958–71), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги (1971–75), Башкармалыктын начальнигинин биринчи орун басары – башкы инженери (1975–1983), Геология башкармалыгынын өндүрүш бөлүмүнүн начальниги, улук инженери (1983–85). «Кызыл Жылдыз» (1945), «Эмгек Кызыл Туу» (1971) ордендери, 6 медаль, менен сыйланган, Кыргыз ССР геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1974), «Жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу» (1983).

Колдонулган адабияттар түзөтүү