Зороастризм
Зороастризм - Байыркы доордо ж-а орто кылымдарда Иран, Орто Азия, Азербайжанда тараган отко табынуу дини. Б.з.ч. 6 – кылымда пайда болгон. Бул динди негиздөөчү деп эсептелген “пайгамбар” Зороастранын иранча (Заратуштра) ысмынан аталган. З. окуусу “Авеста” ыйык китебинде баяндалган. З-дин негизги принциптери: диний дуализм, б.а. карама-каршы эки кудай-бири мээримдүү Ахурамазда, экинчиси ырайымсыз Анхра-Манью бар деп, жакшылык менен жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесстин негизин түзөт деп эсептөө, акырында жакшылыктын жеңип чыгарына ишенүү. З. Сасанийлер дөөлөтүнүн (3-7-к.) тушунда мамлекеттик динге айланган. 7-кылымда Иранды арабдар басып алып, З. Динин куугунтукка алып, перстерди мусулман динине зордуктап өткөрүшкөн. Азыркы учурда бул динди бир кыйла өзгөрүлгөн түрүндө Индиядагы парстар менен Ирандагы гебрлер тутушат.
Пайдаланылган адабияттар
түзөтүү1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.