Зубков, Владимир Петрович

Зубков, Владимир Петрович (1937-ж.т., Казак ССРи, Иртыш р-ну, Мулявский кыштагы) – геолог. Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1959). Тематикалык, Чүй ж-а Түндүк Кыргызстан геол. экспедицияларынын партияларында улук коллектор, геолог, отряддын начальниги, башкы геологу, партиянын начальниги, экспедициянын улук геологу (1959–73), Алжирде иштеп келген (1973–77), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясынын Сокулук ж-а Кабак партияларында отряддын начальниги, улук геологу, экспедициянын улук геологу, башкы геологу (1977–96), Кыргыз Республикасынын геология ж-а минералдык ресурстар министринин орун басары (1996), КРнын Өкмөтүнүн астындагы «Мамгеолагентствосунун» директорунун орун басары (1996-жылдан). Медаль (1988) ж-а КРнын Грамотасы (1993) менен сыйланган; Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1995).

Колдонулган адабияттар түзөтүү