Зульфикар Али Бхутто
Зульфикар Али Бхутто (1928-ж. т. ) - Пакистандын саясий жана мамлекеттик ишмери.
- 1973-жылдын августунан Пакистандын премьер-министри.
- Калифорния (АКШ) жана Оксфорд (Улуу Брит. ) университеттеринде окуган.
- 1958- 66-ж. Пакистандын бир катар министерстволорунун башында турган.
- 1965- 66-жылдарда Пакистандын мусулмандар лигасы партиясынын ген. секретары.
- 1967-ж. Пакистан элинин партиясын негиздеп, ошондон бери ал партияга башчы.
- 1971-ж. декабрдан 1973-жылдын августуна чейин өлкөнүн президенти, андан кийин премьер-министр.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.