Зүлпү Либанели
Зүлпү Либанели – түрк музыканты, жазуучу, акын жана саясатчы.
Зүлпү Либанели Өмүр Зүлпү Либанели-Оглу | |
Zülfü Livaneli (Ömer Zülfü Livanelioğlu) | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Ылгын, Коня, Түркия |
Ишмердүүлүгү: |
музыкант, саясатчы, сценарист, жазуучу, режиссер, композитор, акын, укук коргоочу |
www.livaneli.net |
Либанели заманбап музыкадагы жолу менен таанымал болгондон кийин жазууга көңүл бурган. Анын 1978-жылы жарык көргөн «Арафатта бир бала» (Arafat'ta Bir Çocuk) аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы Швеция жана Германия телеканалдары тарабынан тасмага айландырылган.
Либанели ар түрдүү коомдук жана тарыхый чөйрөлөрдү, каармандарды жана окуяларды бириктирген романдары менен белгилүү, мисалы, «Бакыт» (Mutluluk) (2002), «Лейланын үйү» (Leyla'nın Evi) (2006), «Серенада» (Serenad) (2011) жана «Агамдын окуясы» (Kardeşimin Hikayesi) (2013) сыяктуу чыгармаларында. Бул романдары 37 тилге которулуп[1], көптөгөн түрк жана эл аралык адабий сыйлыктарга ээ болгон[2]. Анын чыгармалары сахналык тасмаларга, сахна оюндарында жана операларга айландырылган.
Булактар
түзөтүү- ↑ About the Author (Zülfü Livaneli). Penguin Random House.
- ↑ Serenad Amerika’da yılın en iyi kitabı seçildi, Edebiyat Haber (30.10.2021).