Ибн Хаукал (931–991) – араб саякатчысы, тарыхчы.

Ибн Хаукал Географиялык карта.

Ал Орто Азия элдеринин тарыхын жазууда замандаш окумуштуулардын эмгектерин пайдаланган. Анын негизги китеби «Китаб сурат ал ард» («Жер шарынын түзүлүшү ж-дөгү китеп») деп аталат. Орто Азия геогр., жаратылыш байлыктары, түркий тилде сүйлөгөн элдердин ээлеген орду, кесипчилиги ж. б. ж-дө жалпы түшүнүк берген.

Китебинин «Мавераннахр» деген бөлүгүндө Бухара, Самаркан, Исфиджаб (Чымкент), Шаш (Ташкен), Фергана ж-а Хорезм ш-лары, аларда жашаган элдер, уруулар ж-дө баяндама жазган. Ал эми эң акыркы бөлүгүндө кыргыздар мекендеген аймак, шаарлары, соода жолдору ж-дө өтө баалуу маалыматтар жолугат.

Ош, Чаткал, Кожент, Тараз, Шельжи ж. б.шаарлар ж-а алардын тегерегинде жашаган кыргыздар, алардын чарбасы, аскердик иштери ж-дө айтылат. Гуздар ж-дө сөз козгоп, «бул түшүнүк уруу, аймакта жашаган эл деген маанини берет» – деп жазган Хаукал.

Анын эмгеги эки жолу немис тилинде басылып чыккан.

Колдолнулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б, 2003