Кожент
Кожент, Кожонт — топоним. Кыргыз жамаатына караштуу шаарлардын катарында эпосто көп эскерилет. Мисалы, шоорук кан кол салганда Манас кошун курап, карамагындагы элдерге кабар жибергенде: «Кожент менен Жызакты, Бачым-ылдам келсин деп, Баруучусун узатты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 207),— деп башка көптөгөн шаарлар менен катар К-ке да кабарчы жөнөтөт. Географиялык реалияда Тажикстандагы ири шаар.
Дагы кара Түзөтүү
Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|