Ибраимкулов Рыскулбек
Ибраимкулов Рыскулбек (22. 4. 1928, Суусамыр өрөөнү - 2003, Суусамыр кыштагы) - эмгек ардагери.
- Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1961; сырттан окуган) жана Кыргызстан КПБКнын жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1942-ж.
- «Суусамыр» колхозунда эсепчи болуп баштаган.
- 1949-52-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- 1952-56-жылдары Суусамыр айьшдык кеңешинин төрагасы,
- 1956-75-жылдары Калинин районунда Суусамыр өрөөнү боюнча ннструктор, 1-Май, 8Март, Тунук орто мектептеринин директору кызматтарында иштеген.
- Ал кыргыз элинин урууларынын тарыхын билген санжырачы да болгон.
- «Ардак Белгиси» ордени жана 1946-ж. «Улуу Ата-Мекендик согушта «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган.
- Айылдык жана райондук кеңештерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.
- Шааболот уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9