Ибраимов Анатай (1948, Манас району, Чеч-Дөбө айылы —1989, ошол эле жер) — спортчу, жөө күлүк, СССР спортунун чебери (1969). Кыргыз Республикасынын 15 жолку чемпиону.
1972-ж. Кыргызстан мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
1982-ж. Талас облустук спорт комитетинин төрагасынын орун басары, 1983-жылдан Токтогул районунун спорт комитетинин, 1986-жылдан Манас районунун спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. Жеңил атлетика менен мектепте окуп жүргөндө эле машыга баштаган.
1966-ж. «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык союздук масштабдагы мелдеште байгелүү орунду ээлеген. Ал негизинен 1500, 3000, 5000 м аралыктарга чуркоого катышкан.
1973-ж. Индиядагы Жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 1-орунга чыгып, алтын медалга, 1979-ж. СССР элдеринин 6-спартакиадасында 5000 мге чуркоодо 3-орунга чыгып, коло медалга ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.