Игуасу - Түштүк Америкадагы шаркыратма. Игуасу дарыясынын Паранага куйган чатынан 26 км жогору, Аргентина менен Бразилиянын чек арасында жайгашкан. Базальттуу эки тепкичтен капчыгайга салааланып куюлуп түшөт. Салаалардын саны 275, аларды аскалуу аралдар бөлүп турат. Жалпы бийикт. 72 м, жазылыгы 2,7 км, жаанчыл сезондо 4 кмге чейин жетет (дүйнөдөгү эң жазы шаркыратмалардын бири). Суусунун жылдык орточо чыгымы 1200 м3/сек.

Игуасу шаркыратмасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү