Идеализация (французча  idealisation) – көркөм искусстводо – сүрөтчүнү сүрөттөлүп жаткан нерсени турмуштук чындыктан четтеп, атайын же аргасыз ашкере кооздоосу. И. көбүнчө кандайдыр бир нерсенини чектелген же кынтыксыздыкка жетишүүнүн оң башаты катары абсолютташтыруу менен апыртып көрсөтүүдө турмуштук карама-каршылыктар менен конфликттерди жеңилдетүүдө абстракттуу турмуштан сырткары идеалдарды чагылдырууда жана башка кездешет. И. дайыма реалисттик принциптерден ажыратылып, ошонун негизинде реакциячыл таптардын идеологиясы менен байланышкан, чыныгы турмуштук сүрөттөө­лөрдөн алыс жана бизди курчап турган чындыкты окуп үйрөнүүдө аны ыксыз кооздолгон түшүнүктөр менен алмаштырган нерселерди түшүндүрөт. Мына ушундай И. XIX кылымдын расмий сүрөткерлеринин кээ бир катарынын көркөм искусствосуна таандык. Алар академиялык классицизмдин жактоочулары болушкан жана алардын эмгектери көркөм искусстводогу чындык үчүн күрөшкөн демократиялык лагердеги реалист-сүрөтчүлөр тарабынан кескин сындалган. И-дан реалисттик көркөм искусстводогу белгилүү коомдук-прогрессивдүү турмуштук идеалды туура чагылдырууну так ажырата билүү зарыл. Ал ар кандай реалисттик көркөм образдын идеялык мазмунунун маанилүү белгиси катары кээ бир учурда образды көркөм чечмелөөнүн аныктоочу башаты боло алат, к. Антик көркөм искусствосу макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү