Идиоморфизм (гр. ldios - өзүмдүкү, башкалардан бөтөнчө, өзгөчө жана morphe - форма) - тoo тектер менен рудалардын пайда болуу процессинде минерал бүртүкчөлөрүнүн өздөрүнө гана мүнөздүү туура формада кристаллдануусу.

Ал заттардын кристаллдануу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болуп, көбүнчө тоо тек же руда пайда болуу процессинин алгачкы стадиясында кристаллданган минералдарда байкалат. Too тектердеги талаа шпаттары, авгит, амфибол, кварц, нефелин ж. б., рудадагы пирит, арсенопирит ж. б. идиоморфтуу минералдарга кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.