Пирит (грекче pyrites lithos – чакканда, ургулаганда от чыгарган таш) – күкүрт колчеданы, темир колчеданы сульфиддер классындагы кеңири таралган минерал, FeS2. Кошундулары алтын, жез, темир, никель, кобальт ж. б. Куб системасында кристаллданат. Өңү ачык сары, киргилт сары, металл сымал жылтырайт. Катуулугу 6–6,5. С. салмагы 4,9–5,2. Өнөр-жайлык маанидеги кени гидротерм жана метасоматоз жолу менен пайда болот. Күкүрт кислотасы алынуучу сырьё; алтын, жез, кобальттын кен таштары.

Пирит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү