Идома (эл)
Идома (окпото, араго) — Нигериянын борборунда (Бенуэ штаты) жашаган эл[1].
Саны 3,5 млн адам[2].
Идома бир нече субэтникалык топторго бөлүнөт:
авуме, агала, агату, адока, боджу, игумале, ичама, обоколо, оглеву, оквога, окпото, орокаму, отукпа, отуркпо, очекву, очобо, янгедде.
Идома | |
Идомдук жаш аял куурулган ямс жасап жатат. | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 3,5 млн | |
Тили |
идома |
Дини |
Ислам (сүннөтөр), |
Расалык тиби |
Тил
түзөтүүИдома тили Нигер-конго макроүй-бүлөсүнүн курамындагы ква уясына кирет.
Идома тилине кирген диалектилер:
борбордук (отуркпо, же акпото), батыш (оквога, отукпа, ичама), түштүк (игумале-агала), түндүк (очекву, агату).
20 кылымдан баштап латын алфавитин колдонушат.
Дин
түзөтүүКалктын көпчүлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (католиктер).
Жергиликтүү салттуу ишенимдер да сакталууда. Жамгырдын эң жогорку кудайы – Ово деген ишеним кеңири тараган, ал жерде пахта дарагы түрүндө чагылдырылган. Ата-бабалар жана токойдун рухтарынын культу.
Чарбалык иштер
түзөтүүНегизги салттуу кесиптер — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (ямс, маниок, таруу, сорго, жүгөрү, жашылчалар) жана балык уулоо болуп эсептелет.Ошондой эле жыйноочулук (май пальманын жемиштерин чогултуу) жана аңчылык да өнүккөн.
Чоң шаарларда заводдордо жана көмүр кендерде да иштешет.
Кол өнөрчүлүк
түзөтүү- темир устачылык;
- токуучулук;
- карапачылык;
- кездеме боёо.
Кийим
түзөтүүЖамбашка оролгон кездеме болгон салттуу кийимдер акырындап европалык үлгүдөгү кийимдерге алмашып жатат.
Тамак-аш
түзөтүүИдома рациону өсүмдүк азыктарынан (ботколор, сорполор, жашылчалар) жана балыктан турат.
Турак жай
түзөтүүАлар эки типтеги калктуу конуштарда жашашат: суунун жээктеринде же токойдо (негизинен түштүктө) чоң кыштактарда жана чачыранды кожолуктар. Салттуу турак жай — чатыры конус түрүндөгү саман же чөп менен жабылган сокмо (чопо) кепе кеңири таралган.
Коом, маданият
түзөтүүКоомдук уюмдун негизин чоң үй-бүлөлөр (оле) жана патрилинейлик кландар түзөт.
Аксакалдар коомдо маанилүү роль ойнойт. Туугандык эсеп — аталык.
Ырымдар, салттык үрп-адаттар, календарлык майрамдар, элдик оозеки чыгармачылыктын негизги жанрлары сакталып калган. Аңчылык ырым-жырымдар, бутпарастардын жүрүштөрү. Мурда аземдеринде ритуалдык маскаларды кеңири колдонгон жашыруун жана бий коомдор болгон. Икенганын ритуалдык отурган аял айкелдери кеңири таралган.
Келип чыгышы
түзөтүүИдома топторунун көбү өздөрүнүн этникалык тегин Джукун өлкөсү менен байланыштырса, айрымдары өздөрүн игаланын тукумдары деп эсептешет.
Булактар
түзөтүүТышкы шилтемелер
түзөтүү- https://bigenc.ru/ethnology/text/2000488 Archived 2022-09-25 at the Wayback Machine
- https://artsandculture.google.com/entity/m07l585?hl=ru Archived 2022-09-25 at the Wayback Machine