Нигер-конго тилдери
Ни́гер-конго (нигер-кордофан же конго-кордофан) тилдери.
Африканын, Сенегалдан тартып Түштүк-Африка Республикасына чейин, көпчүлүк тилдерин бириктирген макро-үйбүлө.
Ни́гер-конго макро-үйбүлөнүн макамы жалпысынан таанылган.
ТипологияОңдоо
Бул макро-үйбүлөнүн тилдеринин негизги мүнөздүү өзгөчөлүгү номиналдык класстардын болушу, ошондой эле фонетиканын өзгөчөлүктөрү.
КлассификацияОңдоо
- Кордофан уясы
- Манде уясы
- Батыш атлантикалык уясы түндүк (фула, волоф ж.б.) жана түштүк бутактарына бөлүнөт. Бидього тили өз алдынча турат.
- Иджо уясы
- Догон уясы
- Кру уясы
- Сенуфо уясы
- Ква уясы
- Гур уясы
- Адама́ва-убанги́ уясы
Бенуэ-конго бутагы:
- Вольта-нигер уясы 9 топтон турат. Ал уяга йоруба, игбо, идома, эдо тилдер кирет.
- Борбордук-нигериялык уясына 13 топ кирет.
- Кросс-ривер уясы (70 тил, анын ичинде ибибио)
- Банту уясына 14 топ кирет. Бул тилдердин саны (600 ашык тил) жана сүйлөгөндөрдүн саны (300 млн), ошондой эле ээлеген аянты (ареал) боюнча Нигер-конго макро-үйбүлөнүн эң ири тил уясы болуп эсептелет.
Гур жана Адамава-убанги тил уяларын бир уяга (Гур-убанги же Саванна) бириктирүү сунушталууда.
ЖазуусуОңдоо
Көпчүлүк тилдер үчүн латын алфавитинин негизинде түзүлгөн жазуу колдонулат. Европалыктар келгенге чейин кээ бир элдердин араб графикасында негизделген жазмалар болгон.
Ошол эле учурда, 19-кылымда болгон өздөрүнүн оригиналдуу жазуу системаларын иштеп чыгышкан. Мисалы бамум жасуусу, ваи жазуусу, менде жазуусу.
Нигерияда колдонулган нсибиди идеографиялык-мнемоникалык жазуусу өзгөчө кызыгууну туудурат. Бул жазуу байыркы убакта пайда болгон.
Кордофан тилдериОңдоо
Кордофан жана Нигер-конго тилдеринин ортосундагы байланышы суроо бойдон калууда жана аз изилденген. Кордофан уясынын биримдиги да далилденген эмес. Мисалы, каду тил тобун Кордофан уясынан чыгарылып, Нил-сахара макро-үйбүлөсүн курамына өзүнчө уя катары киргизилген.