Иерусалим королдугу - биринчи крест жортуулуна катышуучулар 1099-ж. Иерусалимди басып алган соң пайда болгон мамлекет.

Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабын кресттүүлөр каратканда (12-кылымдын башы) территориялык жактан биротоло калыптанган. Иерусалим королдугу өзүнөн башка 3 вассал (чынында көз карандысыз) мамлекеттерден (Триполи жана Эдесса графтыктары, Антиохия княздыгы) турган. Иерусалим королдугун сураган кишинин бийлигин ак сөөк жана чиркөө феодалдарынын жогорку палатасы чектеген. Иерусалим королдугунда крепостнойлуктун катаал формалары тараган, сеньорлордун зомбулугу күч алган, кул кармоо да болгон. Шаарлар кыйла өнүгүп, соода тармагы бүт бойдон италиялык көпөстөрдүн колунда турган. Жергиликтүү калктын нааразылыгынан, коңшу мамлекеттердин кол салышынан чочуган кресттүүлөр көп чеп курган.

Иерусалим королдугу батыш европалык мамлекеттер, Византия жана мусулман чыгышынын эл аралык мамилелеринде чоң роль ойногон. 1137-ж. Византия Антиохия княздыгын вассал кылып, 1144-ж. селжуктар Эдесса графтыгын басып алган. Мусулман жапырыгынан корккон Иерусалим королдугу 12-кылымдын 60-жылдарында Византия менен союздашып, 1168-ж. Египетке каршы согушта жеңилген. 1187-ж. Египет султаны Салах-ад-дин Иерусалимди жана Иерусалим королдугунун чоң бөлүгүн басып алган. 1229-ж. король болгон Фридрих II Штауфен мусулман мамлекеттеринин өз ара ыйкы-тыйкысынан пайдаланып Иерусалимде кресттүүлөр бийлигин кайра орноткон, бирок египеттиктер Иерусалимди 1244-ж. кайра басып алган. 13-кылымдын 60-жылдарында Египет мамлюктары кресттүүлөрдүн көп шаарын каратып, 1291-ж. акыркы таянычы Акра шаарын алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.