Мамлүктөр (арабча – эрксиздер) – Мисирдеги түрк, гүржүн, черкес ж. б. кавказдык аскер-кулдардан куралган гвардия. 1250-жылы Айюбиддерди кулатып, бийликке келген. М. Бахри (көбүнчө түрк тектүүлөр, 1250–1390-жылдары башкарган) жана Буржи (негизинен кавказдыктардан турган, 1390–1517-жылдары башкарган) династияларынан турган. 13-кылымда Мамлюктар моңголдорду (1260-жылдары 3-сентябрда Айн-Жалут алдындагы салгылашта), исмаилит-ассасиндерди талкалап (1273), Палестина менен Сириядан кресттүүлөрдү сүрүп чыккан (1268). 1516–17-жылдары түрк султаны Селим Iнин аскерлери Сирия, Египет жана Палестинаны басып алып, Мамлюктардын үстөмдүгүн жойгон. Түрк каратууларынан кийин мамлюктар Каирдеги түрк пашасына салык төлөшкөн. 17-кылымдын аягында Осмон империясынын начарлашынан пайдаланып, Мамлюктар өз бийлигин калыбына келтирген. 1798-жылдары мамлюктар пирамидалардын алдында болгон салгылашта Наполеондун армиясынан жеңилип, Египет пашасы Мухаммед Алинин (1805–48-жылдары башкарган) тушунда кыйраган (1811).

Колдонулган адабияттар түзөтүү