Ижевск – (1985-87-ж. Устинов) Удмурт Республикасынын борбору. Россиядагы шаар (1918-жылдан). Иж дарыясы Кама дарыясына куя бериште (40 км жогору) жайгашкан. Калкы 615,7 миң (2007). Темир жол тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мотоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдонуучу куралдар, нефть өнөр жай үчүн жабдуу), кара металлургия (анын ичинде «Ижмаш»), электр-техникалык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары, «Ижнефтемаш», «Ижсталь» ААК, радио заводдору иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университети), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жылдан Воткин автономия облусунун, 1934-жылдан Удмурт Республикасынын борбору.

Ижевск.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү