Избаскен мунай жана газ кени

Кыргызстандагы мунай жана газ кени

Избаскен мунай жана газ кени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Жалал-Абад шаарынан 55 км түндүк-батыш, Таш-Көмүр шаарынан 45 км түштүк-чыгыш тарапта. Мунайдын табигый түрдө агып чыгышы жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1946-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, 1950-ж. мунай, 1957-ж. күйүүчү газ алына баштаган. Кен аймагында неоген мезгилинде пайда болгон конгломерат, кумдук, чопо, палеогендин акиташ теги, чопо катмарлары бар. Мунай палеоген тоотектериндеги кумдуктун арасында 4 горизонтту түзүп жатат. Кен аянты 1,0х0,5–7,0х1,0 км. Мунай 2400 мге чейинки тереңдикте кезигет. Тыгыздыгы 0,860–0,867 г/см3, парафиндүүлүгү 7,5–9,5%, күкүрттүүлүгү 0,17–0,19%, температурасы 78–84°С. Курамындагы асфальтен 0.145–0,45%, кокс 3,03–5,55%, акциз чайыры 16–50%. Газ бор мезгилинин аягында пайда болгон тоотек катмарында топтолгон. Мында газдын өнөр жайлык маанидеги 8 горизонту бар. Аянты 2,0х0,5 км2. 1973-ж. кенден алынган мунайдын көлөмү 56, 7 миң т жана газдын көлөмү 6,6 млн м3 түзгөн. 1996-ж. болгону 3 миң т мунай жана 2 млн м3 газ алынган. 1997-жылга каратамунайдын запасы В+С1 категориясы боюнча – 187 миң т, С2 –96 миң т, эркин газдын запасы С1 категориясы боюнча – 425 м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү