Ийбараттуу үлгү-насыят.

Ийбараттуу үлгү насыят- адабияттагы дидактикалык-аллегориялык жанр. Эки мааниде колдонулат.

  • 1. Каймана мааниде – акыл-насаат айтуу үчүн жазылган чакан аңгемелер. Алар тамсилге жакын, бирок тамсилдегидей салттык каармандары (эшек – жоош, момун кызматчы, түлкү – куу, карышкыр – ачкөз, жегич жана башка) жомоктор. Ийбарат үлгү-насыяттарда көбүнчө атайын белгилүү бир мүнөз түзүлбөйт, болуп өткөн окуянын конкреттүү орду жана мезгили белгисиз, окуя да өнүгүү менен көрсөтүлбөйт, темасы узак сүрөттөлбөйт, жөн гана адептик-ыймандык маселелер баяндалат. Диний, ошондой эле адеп-ахлактык аңгеме катары ийбарат үлгү-насыяттары Чыгыш адабиятына, анын ичинде кыргыз адабиятына таралган.
  • 2. 19-кылымдан Ийбарат үлгү-насыяттары жаңы мааниде колдонула баштады. Жазуучулар инсандык маселелелер жана коомдук жүрүш-туруш боюнча түздөн-түз насаат айтууга өттү. Мисалы, Л. Н. Толстой “Данек” аңгемесинде балдарды эмгекти сүйүүгө, ак ниеттүүлүккө чакырат. Мындай чыгармаларда окуя ошол чыгармадагы негизги нерседен алыстап кеткендей көрүнүшү мүмкүн, бирок натыйжада ошол алыстап кеткен нерселер адептүүлүк маселелерин баяндап, чыгарманын жалпы өзөгү менен биригет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [Категория: Акын- жазуучулар]]