Ийин курчоосу — кишинин кол скелетинин бир бөлүгү.

Кишинин Ийин курчоосу анатомиялык түзүлүшү жана аткарган милдети боюнча жаныбарлардан айырмаланат. Себеби, киши колу менен эмгектенүүгө жана тик басууга ылайыкталган. Ийин курчоосу скелет жана булчуңдардан турат. Ийин курчоосунун скелетин акырек жана далы сөөктөрү түзөт. Адамдын акыреги сигма түрүндөгү туурасынан кеткен түтүк сымал сөөк. Ал моюн менен көкүрөктүн чек арасында орношуп, алдыңкы учу аркылуу төштүн башы менен туташып, төш-акырек муун, ал эми арткы учу далынын урчугу менен туташып, далы-акырек муунун түзөт. Дагы үч бурчтуу келген сөөк, көкүрөктүн артында II—VII кабыргалардын тушунан орун алган.

Ийин курчоосун түзүүчү бул эки сөөккө бир топ булчуңдар (салаа сымал, далы кырынын үстүндөгү, астындагы, далы алдындагы, чоң жана кичине жумуру булчуңдар) бекийт. Бул булчуңдардын жардамы менен акырек-төш жана далы-акырек муундарында ар түрдүү кыймылдар ишке ашат.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8