Ийрек
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Ийрек -
- Теринин бетиндеги челин, этин, майын ала турган аспап. Аны чеберлер өзүлөрүн эки башын жумуру жыгачтан саптап (50—60 см), ортосуна быдырлуу тишин чыгарып, оюндагысындай кылып, жасап алышат.
- Териге көркөм оюм-чийим түшүрүүчу аспап. Ал жыгачтан жумуру сапталган шибеге сымал болот. Чеберлер — ийректин ичке жана жоон түрүн колдонушат. Аларды ар бир чебер өзүлөрүнүн көөнүнө жаккандай жасап алышат. Кандай болгондо ойдогудай оюм-чийим түшөөрүн акыл таразасынан алар кылдат өткөрүп, аны абалы ичке ийрек аркылуу чийип көрүшөт. Жоон ийректи болжолунан тайдырбай ысытып туруп, ошол оюм-чийимдин үстүнөн катуу бастырат. Ошондо көркөм оюм-кашкая түшөт. Аны чеберлер териге тырмак изи түшкөндөй кургаган чакта жүзөгө ашырышат.
Маалыматтын булагы
түзөтүү- Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү.(жеткиликсиз шилтеме) Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|