Илептүү сүйлөм - күчтүү эмоцияны билдирип, илептүү интонация менен айтылган сүйлөм.

Кыргыз тилинде Илептүү сүйлөм эмоцияны, психикалык абалды билдирүүчү сүйлөм катары жай, суроолуу, буйрук сүйлөмдөрдүн базасында уюшула берет. Мындай сүйлөмдөрдө кабарлоо+эмоция, суроо+эмоция, буйруу+эмоция маанилери биримдикте болот.

Илептүү сүйлөмдү аныктоодо интонация маанилүү роль ойнойт. Анын тутумундагы сезимди билдирүүчү сөз өзгөчө көтөрүңкү тон менен, басым коюлуп айтылат: Жер, дүйнөнүн бардык булуң- бурчунда адам баласын баккан жер, сен айткын!

Кыргыз тилинде Илептүү сүйлөмдү уюштуруучу лексикалык-грамматикалык каражаттар болуп түрдүү сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр, каратма сөздөр, интонация ж.б. эсептелет. Илептүү сүйлөмдүн аякталган чегинде айтылыш максатына ылайык илеп белгиси жана илеп, суроо белгилери катар коюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4