Илзат Ахметов (уйг. ئىلزات ئەخمەت, орус. Ильзат Тоглокович Ахметов; 31-декабрь 1997, Бишкек, Кыргызстан) — Орусиялык футболчу, Москванын "ЦСКА" клубунун жана Орусиянын өспүрүмдөр курамасынын жарым коргоочусу.

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Илзат Ахметов

Илзат Ахметов ЦСКА клубунун формасында (2018-жыл)
Жалпы маалымат
Төрөлгөн датасы 31 -декабрь 1997(1997-12-31) (26 жаш)
Бишкек, Кыргызстан
Жарандыгы  Кыргызстан
 Орусия
Бою 173[1] см
Салмагы 67[1] кг
Позициясы Жарым-коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Орусия ЦСКА (Москва)
Номуру 77
Карьерасы
Жаштар клубдары
Кыргызстан Алга
2009—2013 Орусия Коноплёва атындагы академия
2014 Орусия Рубин
Клубдук карьерасы*
2014—2018 Орусия Рубин 27 (0)
2014—2015 Калып:Фарм-клубОрусия Рубин-2 2 (0)
2018— Орусия ЦСКА (Москва) 14 (0)
Улуттук курамасы**
2014—2015 Орусия Орусия (18 чейин) 10 (2)
2015 Орусия Орусия (19 чейин) 5 (0)
2018— Орусия Орусия (21 чейин) 6 (2)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 11.11.2018-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 16.10.2018-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Өмүр баяны түзөтүү

Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойногон. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Илзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы ЦСКА клубуна келген. Азыркы учурда ЦСКА клубунун негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишкен. Ахметов бул 2019-жылы Орусия футболдук союзу тарабынан "2018-жылдын эң мыкты жаш оюнчусу" деп табылып, "Биринчи бештик" сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле ал УЕФА тарабынан тандалган 2018-жылдагы эң мыкты 50 жаш футболчунун катарына кирген.

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү