Тарыхта түзөтүү

Өткөн кылымдардагы аялдардын илимдеги орду, эмгектери тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. Америкалык физик Ширли Энн Жексондун эмгеги 1970-жылы телефондук сүйлөшүүгө 2 жаңы кызматты киргизген: чалып жаткан абоненттин номерин аныктоо системи жана сүйлөшүп жаткан учурда телефонго башка адамдан да чалуу келгенин кабарлоо системи.[1]

1942-жылы Хэди Ламарр[en] кесиптеши менен "жашыруун байланыш системаларына" патент алган. 50 жыл өткөндөн кийин бул патенттин негизинде вай-фай жана уюлдук телефондордун иштешинде колдоно баштады.

1952-жылы англиялык окумуштуу, ДНК түзүмүн изилдеген Розалинд Франклин ДНК спираль көрүнүштөгү түзүлүштө болорун биринчи болуп фотосүрөт аркылуу далилдеген деген маалыматтар бар. Бул рентгенограмма “Фотография 51” деген ат менен белгилүү.[2][3]

Мэри Андерсон – автоунаанын маңдайкы айнегин тазалагычты ойлоп тапкан. Жозефина Кокрейн – идиш жуучу машинанын ойлоп табуучусу.

Мындай маалыматтар аялдардын илимдеги өзгөчө ордун көрсөтүп турат. Деген менен аялдардын илим жана технология тармагындагы үлүшү эркектерден кыйла аз. Аялдар техникалык факультеттерди бүтүргөндөрдүн 28 пайызын түзсө, компьютердик илим жана информатика факультеттерин аяктагандардын 40 пайызын түзөт.[4]

Илимдеги гендердик айырмачылык түзөтүү

2020-жылы Бостондун Түндүк-Чыгыш университети жана Копенгаген университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө академиялык чөйрөдөгү гендердик ажырымдын жыйынтыктоочу өзгөчөлүгүн көрсөттү.[5] Дүйнө жүзү боюнча 1900-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилдеги 7 миллиондон ашык окумуштуунун карьерасы – изилдөөнүн предмети болду. Жыйынтык изилдөөчү аялдардын үлүшү өскөнүн көрсөттү: 1955-жылы 12 пайыз, 2005-жылы 35 пайыз. Изилдөөчү аялдардын пайызы изилденген тармакка байланыштуу сезилерлик айырмаланат (STEMде 15 пайыз, психологияда 35 пайыз). Эркек изилдөөчүлөр менен аял изилдөөчүлөрдүн санынын айырмасы гендердик дисбаланстын жалгыз көрүнүшү эмес. Статистика көрсөттү: өлкөгө же эрежелерден көз карандысыз түрдө эркектер өз карьерасында орточо 13,2 эмгек жарыялашат, ушул эле учурда аялдардыкы 9,6 эмгек.  

Кыргызстанда илимий чөйрөдөгү аялдар түзөтүү

Кызжибек Батырханова – инженер-программист, Кыргызстандагы космостук программанын директору. Өз командасы менен өлкөдө алгачкы космостук спутник түзүүнүн үстүнөн иштеп келет.[6] “Бизде кыздар STEM тармагынан университетке кирүү мезгилинде эле чыгып калышат. STEM тармагында аялдардын карьера куруусу колдоого ээ эмес”, - дейт Кызжибек.

Салтанат Алиева – TechWomen программасынын бүтүрүүчүсү, буга чейин жаш кыздар үчүн 3D принтерде басылып жасала турган кол манжаларынын протезин түзгөн.[7]

2019-жылы Кыргызстанда “STEM’деги аялдар” тармагы түзүлгөн. Негизги максаты – жаш аялдарды илимге, анын ичинде инженердик кесипке тартуу, бул тармактагы иштерди координациялоо.[8]

Кыргызстанда STEM’деги көрүнүктүү аял-окумуштуулар катары Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери Розалия Жээнчороева, Шарипа Жоробекова, Мира Баткибекова, Дарияхан Мукашева, Асел Сартбаева жана башкалар эсептелет.

Асел Сартбаева 1979-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн, химик. Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы орто мектепте окуп, 9-10-классты Бишкектеги жеке менчик “Апис” мектебинде аяктаган. Мектептеги кезинде эле так илимдерге кызыкчу. 1994-1999-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде механика багыты боюнча билим алган. 2001-2002-жылдары Улуу Британиядагы Кембридж университетинде аспирантурада окуп, минералдык физиканы изилдеген. 2004-жылы материал таануу боюнча докторлук даражага ээ болот. 40тан ашык эл аралык конференцияларда негизги же пленардык докладчы катары чакырылган, өзү 3 эл аралык илимий конференция уюштурган. Women in Science, Biggest Game Changing Technology, Wise World Award 2017 жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси.        

Бул аялдар тууралуу “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” деген китеп жазылган.[9] Анын бет ачары 2019-жылы Бишкекте өткөн “STEM’деги айымдар – Кыргызстандын келечеги” аттуу форумда болгон.        

Илимий чөйрөдөгү аялдардын туш болгон тоскоолдуктары түзөтүү

 
Мария Склодовска-Кюри мобилдик рентген аппаратын рулунда.

Так илимдер чөйрөсүндө өнүгүүгө (табигый, техникалык илимдер, инженердик иш жана математика) кыздарга жана жаш аялдарга ар кандай тосмолор тоскоолдук жаратары айтылат. ЮНЕСКОнун изилдөөсү көрсөттү: бардык ЖОЖдордо табигый-илимий жана техникалык адистикти тандаган аялдар 35 пайызды гана түзөт.[10] Кесип тандоого социалдык жана маданий ынанымдар да таасир этет дешет адистер. “БУУ-Аялдардын” изилдөөсү популярдуу фильмдерде жумушу так илимдер тармагы менен байланышкан каарман аялдар 12 пайызга жакынын экени көрсөттү.[11]

Өзөктүк илим жана техника тармагында аял-окумуштуулардын кийинки муунун колдоо, гендердик ажырымды жоюу максатында 2020-жылы МАГАТЭ Мария Склодовской-Кюри атындагы стипендиялар программасын ишке киргизди. Дүйнө жүзү боюнча 100 студент алгачкы стипендияларын алышты.[12]

2021-жылы ноябрда Москвада бизнес, саясат жана коомдогу гендердик теңдик боюнча биринчи саммит өтүп, талкууланган темалардын бири илимдеги гендердик теңдикке, карьера курууда илимпоз аялдар кабылып жаткан тоскоолдуктарга арналды [4].

Саммитте илимпоз Александра Скрипченко мындай деди: “Математика боюнча тоскоолдуктар сен илимдин кандидаты болуп калганда башталбайт, үй-бүлөдөн өсүп чыгат. Балдарга карата “сага математиканын эмне кереги бар? Сен деген кызсың да”, “Кыздарды математикалык мектепке берип кереги жок” деген сөздөрдү көп угабыз. Бул аялдардын математикада ийгилик жаратуусуна каршы олуттуу тоскоолдук”.[13]

“2021-жылдын Алиппеси 1959-жылдын Алиппесинен дээрлик айырмаланбайт: апа терезе жууйт, эже тамак даярдайт, ал эми ата жумушта. Баары мектеп курагынан башталат” дешет адистер.  

Колдонулган маалымат булактары: түзөтүү

  1. ВВС. ”Спецпроект "100 женщин": девять удивительных вещей, которые изобрели женщины”. (орус.). 2017.
  2. Корочкин ЛИ, Фридман СА. Пионер молекулярной биологии. Памяти Розалинд Франклин (орус.). // Природа : журнал. — Наука, 2004. — № 8.
  3. Secret of Photo 51 https://www.pbs.org/wgbh/nova/photo51/about.html
  4. UN. “В мире науки и информатики по-прежнему господствуют мужчины и это нужно менять” 2021.
  5. Мальчики — программисты, девочки — балерины: гендерное неравенство в образовании и науке, (орус.) 2020. Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.
  6. UN. “Стереотипы и демотивация – главные причины гендерного неравенства в сфере STEM” (орус.) 2021. Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.
  7. STEM: как женщины внедряют технологии в Кыргызстане”. (орус.) 2017. Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.
  8. “В Кыргызстане Создана Сеть Молодых Женщин Естественно — Научных И Технических Специальностей «Женщины В СТЕМ»” Archived 2023-04-04 at the Wayback Machine. 2019.  (орус.) Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.
  9. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. “STEM’деги айымдар – Кыргызстандын келечеги” форуму. 2019.        
  10. UNESCO. Women in Science. 2019.
  11. Geena Davis Institute. Gender Bias Without Borders. Алынган күн: бугу айынын 24, 2022.
  12. IAEA. МАГАТЭ присуждает первые 100 стипендий в рамках плана по содействию гендерной сбалансированности в ядерной отрасли. 2020. Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.
  13. «Зачем тебе математика, ты же девочка»: что мешает женщинам строить карьеру в науке. (орус.) 2021. Текшерилген күн: бугу айынын 24, 2022.